Menu

«Вести недели»: Навальный Германияда кымбат батирде жашаган

Бөлүшүү:

Орусиялык оппозициячы Алексей Навальный Германиянын «Шарите» ооруканасынан чыккандан кийин бир жарым ай жашаган Фрайбург шаарындагы батир тууралуу сюжет даярдаган «Вести недели» берүүсүнүн журналисттери өздөрүн бельгиялык туристтер катары тааныштырышкан.

Бул тууралуу «Дождь» телеканалына аталган үйдүн ээси билдирди.

Анын айтымында, «Россия 1» телеканалынын кабарчысы Анастасия Попова өзүн Боурт деген француз фамилиясын айтып тааныштырган.

«Вестинин» сюжетинде Навальный вилланы эки айга ижарага алганы айтылган. Бирок анын ээси батир алты жумага берилгенин билдирди. Ал «Россия 1» телеканалындагы бул сюжеттен кийин Германиянын укук коргоо органдарына кайрылууну чечкенин кошумчалады.

«Вести недели» берүүсүнүн 7-февралдагы чыгарылышында Навальный Германиядагы «Шарите» ооруканасынан чыккандан кийин ижарага алып жашаган батир көрсөтүлгөн. Сюжеттин авторлору саясатчы «ашкере кымбат» жерде жашаганына басым жасашкан: телекөрүүчүлөргө «кенен конок бөлмөсү, эки диван жана сыналгы» көрсөтүлгөн. Кабарчы бул турак-жай үчүн Навальный суткасына 530 евродон төлөгөнүн билдирген.

Ушул эле сюжетте Коррупцияга каршы күрөш фонду «Путиндин хан сарайы» тууралуу иликтөөнү Германиядагы The Black Forest Studios студиясында тартканы белгиленген. «Россия 1дин» кабарчылары Навальный Германиядагы жашоосу жана иликтөөнү тартуу үчүн жалпысынан 1 миллион евро акча короткон деп эсептешкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: