Menu

УКМК ККК: Курулуш компанияларынын биринин катышуусунда мыйзамсыз курулуш жөнүндө аныкталган коррупциялык схемалар боюнча иш-чаралар жүрүп жатат

Бөлүшүү:

Мурда маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын УКМК ККК Архитектуралык-курулуш көзөмөлү жаатындагы туруктуу коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында тийиштүү шаар куруу жана уруксат берүүчү документтерсиз, көп кабаттуу үйлөрдү куруунун системалуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына жана курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө жыйынтыгында укуктук баа берилет.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, мыйзамсыз тургузулган объектилер инженердик коммуникациядан ажыратылып, курулуш иштери токтотулган.

Мындан тышкары, мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын аймагына мыйзамсыз орнотулган объектилерди бузуу, ошондой эле мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компанияларга курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү укугуна берилген лицензияларды жокко чыгаруу боюнча сот органдарында тиешелүү сот иштери башталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: