Бүгүн, 9-февралга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 58 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 23, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 24, Ысык-Көл облусунан – 3, Ош облусунан – 2, Талас облусу- 1, Нарын облусунан – 5 учур катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 85 171 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 111 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 81 825ке жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 31, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 40, Ош облусунан – 9, Ысык-Көл облусунан – 18, Талас облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 5, Баткен облусунан – 2, Нарын облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 2 бейтап каза болду. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1433кө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ