Menu

Жалал-Абадда баңгизаттардын ири өлчөмдөгү партиясын ташуу менен алектенгендер кармалды

Бөлүшүү:

КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын кызматкерлери тарабынан каннабис тобундагы баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген жактарды кармоо боюнча атайын операциясы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу КР ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирет.

Бангизаттарды ташуу жана сатуу каналына бөгөт коюу боюнча өткөзүлгөн иш-чараладрын натыйжасында 2021-жылдын 5-февралында болжол менен саат 02:00 чамаларында Жалал-Абад облусунун Токтогул айылынын Ош-Бишкек автожолунда ИИМдин БМЖКККнын жана Токтогул РИИБдин ЖКККББнын кызматкерлери менен биргеликте Б.У., аттуу жарандын башкаруусундагы «Mitsubishi Delica» үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган.

Автоунаага кароо жүргүзүү учурунда алдыңкы жүргүнчүлүк өрдүнан рюкзактын ичинен күкүрт формасындагы жапайы өскөн кара-куурай кендир жыты бар, кара-жашыл түстөгү зат табылып алынган.  Баардыгы 167 даана болуп эсептелген.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган зат салмагы 1 кг 937 граммды түзгөң «гашиш» баңги каражаты деп аныкталган.

Алынган маалыматтын негизинде баңги каражаттар Чүй облсунун 1983-ж.т. Б.У., аттуу айдоочуга жана 1979-ж.т., С.М. аттуу жүргүнчүгө таандык экени аныкталган.

Учурда баңги каражаттарды ташууга тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча атайын ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: