Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Исакулов Жылдызбек Абдилахатович кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирет.
Бүгүн, 9-февралда Жылдызбек Исакулов отурумда фонддун эмгек жамаатына колдоо көрсөтүп, биргеликте иштегендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
“1,5 жылдын ичинде биз автоматташтырууну киргизүү жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча бир топ иштерди жасадык. Фонд бюджеттик планды аткаруу боюнча негизги милдетти аткарды. Ошондуктан, мындан ары дагы таза жана абийирдүү иштөө керек “, – деди Исакулов
Эмгек жамаат төрагага колдоо жана ыраазычылык сөздөрүн айтышып, белек катары ак калпак жана чепкен кийгизишти.
Белгилей кетсек, Жылдызбек Исакулов Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун 2019-жылдын август айынан баштап жетектеген.
Фонддун башчысынын милдетин аткаруучу болуп төраганын орун басары Ишенбек Медетов дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ