Menu

Навальныйдын тарапташтары өкмөткө каршы акцияга чыгууга чакырышты

Бөлүшүү:

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын штабдарынын жетекчиси Леонид Волков өкмөткө каршы акциялардын тактикасын өзгөртүп, үйлөрдүн короолоруна наарызылыкка чыгууга чакырды.

Ал Навальныйдын бошотулушун талап кылган иш-чара 14-февралда өтөрүн жарыялады. Анын айтымында акция кечки 20.00дө башталып 15 мүнөткө созулат. Анын алкагында чогулгандар бир убакытта жапырт чөнтөк телефонун же кол чырактарын асманга каратып күйгүзүү зарыл. Андан соң социалдык тармактарга сүрөттөрүн жайгаштыруу абзел.

«Путин коркутуп-үркүтүүнү өзүнүн башкы жана жалгыз куралына айлантты. Ошондуктан биз андан дагы күчтүү аракеттерге барышыбыз керек. Биз бул жолу кыйла акылдуу болуп, полиция менен түз кагылышууларга барбаганга аракет кылабыз»-деди Волков.

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков 9-февралда Волковдун чакырыгын комментарийлөөдөн баш тартты. Ошону менен катар ал мыйзам бузган бардык адамдар жоопкерчиликке тартыларын билдирди.

«Биз эч ким менен мышык-чычкан ойнобойбуз»-деди Песков.

Путиндин келишкис сынчысы, 44 жаштагы Навальный 17-январда Берлинден дарылануудан келери менен камалган. 2-февралда Москва соту анын «Ив Роше» иши боюнча шарттуу жазасын катаалдаштырып, дээрлик үч жылга кести. Анын камалышына каршы чыккан миңдеген адам кармалды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: