Menu

Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаарынын мэринин м.а. болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Бактыбек Кудайбергенов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Тешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Бактыбек Кудайбергенов 1962-жылы 8-декабрда туулган. Чүй облусунун губернатору болуп 2015-жылдын июль айынан бери эмгектенген. 2017-жылдын 9-ноябрында ал өз каалоосу менен арыз жазып, кызматтан кеткен. Буга чейин ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими кызматын аркалап келген. Октябрь айындагы парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” партиясынын тизмесинде болгон.

Белгилей кетсек, мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев кызматтан кетип, анын ордуна Эрмек Нургазиев дайындалган. Нургазиев президент Садыр Жапаров ага баш калаанын башчылыгын ишенип тапшырганын билдирген. Бирок, президент бир нече сааттан кийин чечим туура эмес болгонун жазган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: