Бүгүн, 10-февралга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 82 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 32, Чүй облусунан – 32, Ысык-Көл облусунан – 12, Ош облусунан – 1, Нарын облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 1, Баткен облусунан – 1 учур катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 85 253 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 98 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 81 923кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 36, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 29, Ош облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 13, Талас облусунан – 1, Жалал-Абад облусунан – 5, Баткен облусунан – 1, Нарын облусунан – 8.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 3 бейтап каза болду. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1436га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ