Menu

Чүйдө оор кылмышка шектелген 27 жаштагы жаран кармалды

Бөлүшүү:
Чүй облусунда милиция кызматкерлери оор кылмышка шектүү 27 жаштагы жергиликтүү жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, кечээ, 9-февралда түнкү саат 01:00 чамасында 80 жаштан ашкан Токмок шаарынын улгайган тургунуна каракчылык фактысы жасалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, беткапчан кол салган адам үйдүн тосмосуна кирип, терезелерин талкалап салган. Андай кийин үйгө кирип үйдүн К.Э.аттуу кожойкесинин колун байлап, ага күч колдонуп, үйдөн кетер алдында кожейкенин алтын жана күмүш зер буюмдарды (сөйкөлөр, чынжыр ж.б.), уюлдук телефонду, үй буюмдарын жана тамак-ашты уурдап кеткен.
Аталган факт Токмок шаарынын ИИБнүн КЖБР катталып Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202(каракчылык) беренесинин негизинде, сотко чейинки тергөө иши баштаган. Тергөө кызматы тарабынан керектүү экспертизалар дайындалды.
Бул кылмыштын бетин ачууга багытталган тергөө-оперативдик иш-чараларды жүргүзүү учурунда, Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаарынын Криминалдык милиция кызматкерлери  тарабынан кол салган адамды аныкташып, изи сууй электе кармашкан, ал  27-жаштагы А.А. Токмок шаарынын тургуну болуп чыккан.
Кармалган адам райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.
Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: