Menu

МАГАТЭ: Иранда металл уранынын өндүрүшү башталды

Бөлүшүү:

Иран металл уранынын өндүрүшүн баштады. Бул тууралуу Associated Press агенттиги Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэль Гроссиге шилтеме кылып билдирди.

Гроссинин айтымында, Исфахандагы заводдо 3,5 граммдан көбүрөөк металл ураны өндүрүлгөнүн агенттиктин инспекциясы аныктады.

Металл ураны атомдук бомба жасоо үчүн колдонулат. Анын өндүрүшүнө байланышкан изилдөөлөргө 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишим менен тыюу салынган. Associated Press басылмасы буга чейин Иран отундун бул жаңы түрүн өндүрбөгөнүн белгилөөдө.

Январда Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү металл ураны илимий-изилдөө максатында Тегерандагы реактор үчүн өндүрүлө баштаганын билдирген.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы – АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия өзөктүк келишим деген ат менен таанылган документке кол койгон. Ага ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө милдеттенме алган жана Иранга салынган эл аралык санкциялар токтотулган.

2018-жылы АКШ бул келишимден бир тараптуу чыгып кетип, Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирген. Андан бери Иран да келишимдин айрым талаптарын аткарууну токтотуп жатканын билдирген.

АКШнын жаңы президенти Жо Байдендин администрациясы Тегеран менен өзөктүк келишимди кайра калыбына келтирүү маселесин карап көрүүгө даяр экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: