Menu

Өзбекстанда адам сатуунун курмандыктарын аныктоо менен алты мамлекеттик орган алектене баштайт

Бөлүшүү:

Өзбекстандын өкмөтү адам сатуунун курмандыктарын аныктоо жана аларды реабилитациялоо тартиптери тууралуу жобону бекиткен токтом кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигине караштуу «Укуктук маалымат» аттуу Telegram-канал кабарлады.

Токтомго ылайык, адам сатуунун ыктымал курмандыктарын аныктоо менен өлкөнүн Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратурасы, Мамлекеттик коопсуздук кызматы, Ишке орноштуруу жана эмгек мамилелери министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен консулдуктары алектенет.

Маалыматка караганда, идентификациялоо маектешүү менен башталып, бул үчүн адам сатуунун ыктымал курмандыгы делген кишилердин макулдугу керек болот. Алар медициналык жана психологиялык жардамга, юридикалык кеңештерге, убактылуу турак-жайга (башкалка), жакын туугандары менен байланышууга жана котормочунун кызматтарын бекер колдонууга укуктуу болушат.

Идентификациялоонун акыркы баскычы Адам сатууга жана мажбурлап иштетүүгө каршы күрөшүүгө каршы аймактык комиссия менен биргеликте жүргүзүлөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: