Menu

Бишкек шаарынын мэринин м.а. Бактыбек Кудайбергенов алдыда аткара турган иштери тууралуу кыскача маалымат берди

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов коомчулукка кайрылуу жасады:

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары, Кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Марипов Улукбек Асамидинович тарабынан Бишкек шаарынын мэринин кызматын убактылуу жетектөө чечими чыкканын маалымдоо менен, алдыга коюлуп жаткан приоритеттүү иш алып баруу планымды кыскача тааныштырып өтүүнү туура көрдүм.

Албетте, азыркы учурда шаардыктар менин иш планым, актуалдуу маселелерге болгон жеке көз карашыма кызыкдар. Бишкек шаары борбор калаабыз болгондуктан ар бир сунуш, долбоор, чечим, дыкат ойлонулуп реалдуу болушу мен үчүн негизги принцип. Шаардыктардын күнүмдүк жашоосунан баштап, келечектеги пландарга болгон суроо талабын аз күндө деталдуу көрсөтүп, атайын пресс-конференция берип маалымдап өтөм.

Бирок алдыма койгон эң башкы милдеттердин алдыңкы онун сиздерге сунуштайм. Ар бир багыт боюнча мэриянын бул убакытка чейинки иш планы ыкталып, кээ бир гана өзгөртүүлөр болоорун эскертип кеткем келет.

Эпидемиялык абалды жөнгө салуу жана КОВИД-19га каршы иш-чараларды натыйжалуу уюштуруу;
Бишкек шаарынын башкы планын ачыктыгын камсыздоо;

Шаардык бюджеттин толукталышынын жана сарпталышынын ачыктыгын камсыздоо;

Ар бир муниципалдык кызматтын жана муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыздоо жана уюштуруу;

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу;

Шаардык коомдук транспортторду экологиялык талапка жооп берүү иштерин тездетүү;

Шаардыктардын суроо талаптарын ыкчам чечүү багытында санариптештирүү тиркемесин тез арада киргизүү;

Муниципалдык жетекчилердин жана кызматкерлердин ишин баалоо KPI индикаторлорун киргизүү;
Шаардын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн чагылдыруу, муниципалдык менчиктердин иштөө статусун ачыктыгын камсыздоо;

Буга чейинки кабыл алынган программалар, стратегиялардын аткарылышын толугу менен карап чыгуу, анализдөө жана жыйынтыгында тиелешүү чараларды кабыл алуу.

Урматтуу шаардыктар, бул негизги багыттар сиздердин суроо талап менен толукталып кенен, деталдуу форматында да талкууга салам. Шаардыктар менен биргеликте аз убакытта мэрия эффективдүү иш алып барат деп кепилдик берем.

Урматым менен, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Кудайбергенов Бактыбек Жапарович.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: