Menu

УКМКнын алдына митингге чыккан адамдар Максатбек ажы Токтомушевди үй камагына чыгарууну суранышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын жанында экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушевди колдоо митинги өтүп жатат. 

Митингчилер Максатбек ажы Токтомушевди үй камагына чыгарууну суранып жатышат. Алар экс-муфтий эч жакка качып кетпейт деп ишенишет жана ага кепилдик берүүгө даяр.

“Акыркы чара катары биз аны соттук отурумдарга өзүбүз алып келгенге даярбыз”, – дешти УКМКнын алдына митингге чыккандар.

Белгилей кетсек, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан кошкон акчасын жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшагандыгы аныкталган.Ушул каржылык операциялары ачыкка чыгаргандан кийин, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгындагы (КМДБ) жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашырганы жана кошумча тергөө иштерин токтоткону үчүн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган. Муфтияттын башкы эсепчиси пара берип жаткан жеринен кармалган.

Бул маалымат жарыялангандан кийин Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кызматынан кеткен.
УКМК тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчиси Ж.Б. карата Мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин жогоруда аталган кылмыш ишине катыштыгы бар жөнүндө далилдер алынган.

Алынган далилдердин негизинде, кечээ, 10-февралда муфтий кылмышка шектүү катары кармалып жана УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: