Душанбеде Ислам институтунун жаңы имаратынын курулушу токтоду. Курулуш 2018-жылы башталган жана быйыл бүткөрүлүп, пайдаланууга берилери пландалган.
Институттун жетекчилиги 10-февралда курулуштун ыргагы коронавирус пандемиясына байланыштуу жайлап, кийинчерээк каржылай маселелерден улам токтогонун айтты. Имарат 2022-жылы гана бүткөрүлүшү ыктымал.
Смета боюнча долбоордун курулушу 11,4 млн долларды түзөт. Ал үч гектар аянтта, шаардагы эң ири мечиттин жанында курулуп жаткан. Ислам институтунда бир эле маалда 1,5 миң студент окуй алат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ