Menu

Роспотребнадзор Тажикстандагы эпидемиологиялык абалга баа берет

Бөлүшүү:

Орусиянын Керектөөчүлөрдүн укугун жана жыргалчылыгын коргоо боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) эпидемиологиялык абалга байкоо жүргүзүү үчүн Тажикстанга келет. Бул тууралуу Орусия өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Тажикстан бийлиги 2021-жылдын январь айында өлкөдө коронавирус инфекциясы менен ооругандар дээрлик жок калганын жарыялаган. Эксперттер бул билдирүүгө орус бийлиги анча ынанбай жатканын, буга байланыштуу кырдаалга баа берүү үчүн адистерин жөнөткөн болушу ыктымал экенин айтышууда.

Бул арада орус өкмөтү Душанбени “COVID-19суз саякатта” тиркемесине кошулууну сунуштоодо. Бул тиркеме аркылуу QR-код түрүндө жарандын ковид макамы аныкталат.

Ал ортодо тажик мигранттары Орусия менен Тажикстандын ортосундагы туруктуу аба каттамдарынын калыбына келишин күтүп жатышат. Азырынча эки өлкөнүн авиациялык бийликтери бул маселе боюнча бир пикирге келе элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: