Бүгүн, 11-февраль Ала-Бука районуна өзбек чек арачылары кирип келип, жерди тосуп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар айтып, жериндеги видеотасманы социалдык тармактарга жүктөштү.
Видеотасмадан, жергиликтүү тургундар менен өзбек чек арачылары туруп сүйлөшүп жатканы көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, кечээ, 10-февралда жарандар Аксы районунун Авлетим айыл аймагына караштуу Дейрес-Сай айылына Өзбек чек арачылары кирип келип, аймакты тосуп жатканын айтышкан.
(Этият болгула, нормативдүү эмес лексика бар!)
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ