Menu

Адвокат кримтөбөл Женго УКМКнын кызматкерлери тарабынан сабалганын айтты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Женго каймана аты бар Кадырбек Досоновдун баш коргоо чарасын карады. Бул тууралуу адвокат Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Анын айтымында, Кадыр Досонов УКМКнын тергөө абагына 2 айга камалды.

Адвокат ошондой эле, Кадыр Досонов “Манас” аэропортунан УКМКга бараткан жолдо, андан кийин имараттын өзүндө сабалганын билдирди.

“Анын омурткасы жабыркаган, бетинде денеге келтирилген жаракаттын издери көрүнүп турат. Бул деген аны УКМКнын кызматкерлери сабады дегенди билдирет“, – деп билдирди ал.

Адвокат бул боюнча Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жана Акыйкатчыга кайрылгандыгын, ошондой эле Башкы прокуратурага кайрыларын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: