Menu

Мирзиёев калкты коронавируска каршы жапырт эмдөөнү баштоону тапшырды

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Миризиёев 10-февралда өткөн видеоселектордук жыйын учурунда калкты коронавируска каршы жапырт эмдөөнү баштоону тапшырды.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Мирзиёев бир ай аралыгында эмдөөдөн өтө турган калктын электрондук тизмесин түзүүгө буйрук берди. Азырынча Өзбекстанга вакцина кайсы өлкөдөн жана канча даана келери белгисиз.

Коомдук саламаттык жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтын башчысынын орун басары Ботыр Курбанов коронавируска каршы вакцина быйыл март айында келерин айтты. Биринчи кезекте жашы 85ен жогору, андан кийин 75-84, кийинки этапта 65-75 жаштагылар эмдөөдөн өтүшөт.

Аткаминер 2021-жылдын аягына чейин эмдөө 7 миллион кишиге же калктын 20% жасаларын кошумчалады.

Өзбекстанда учурда кытайлык ZF2001 вакцинасынын клиникалык сыноосунун 3-фазасы өткөрүлүп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: