Казакстандын Жогорку соту судьялардын бири ири суммада акчалай каражат алып жаткан учурунда кармалганын маалымдады. Маалыматка караганда, параны Түркстан облусунун райондук судьясы берген.
Акча берген судья да кармалды.
Кармалгандар жөнүндө кененирээк маалымат жок.
Transparency International уюмунун январда жарыялаган “Коррупцияны кабылдоо индексине” ылайык, Казакстан коррупцияланышкан өлкөлөрдүн катарында турат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ