Menu

УКМК ККК: «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сокулук филиалынын кызматкерлери кармалды

Бөлүшүү:

10-февралда Кыргыз Республикасынын УКМК ККК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, «Кадастр» МИ Сокулук филиалынын директору Т.А.К. жана көрсөтүлгөн мекеменин жетектөөчү адиси М.Р.А. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, директор Т.А.К., жетектөөчү адис М.Р.А. менен жен учунан сүйлөшүп алышып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, кызматтын кызыкчылыгына каршы келген, жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуп, Жабык Акционердик Коомдун директорлорунун бирине жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны мыйзамсыз даярдашканы аныкталды. Жогоруда аталган адамдардын атайылап жасаган кылмыш иш- аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке 2,2 миллион сомдон ашык суммага зыян келтирилген.

Ошондой эле УКМК М.Р.А. жана Т.А.К. карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун башка фактылары боюнча 11 кылмыш иши тергелип жатат.

Кармалган Т.А.К. жана М.Р.А. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чараларын улантууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: