Menu

Казакстанда Бозжыра өрөөнүн коргоо боюнча кол топтоо башталды

Бөлүшүү:

Казакстанда табияты өзгөчө Божыра өрөөнүндө VIP-конок үй салуу планына каршылар онлайн-петицияга кол коюу жараянын башташты. Казакстан жарандары менен мамлекеттик органдарына арнап жазылган катта авторлор мейманкананын курулушуна тыюу салууга чакырат.

“Мангыстау гана эмес, бүткүл Казакстандын визиттик карточкасы саналган Бозжыра өрөөнү республикалык мааниси бар коргоодогу аймактардын катарына алигиче киргизилбей жатканына тынчсыздануудабыз. Мунун кесепетинен туристтердин эч кандай көзөмөлсүз агылып келишине жол ачылган. Бул өтө аяр жерге өтө чоң зыян алып келүүдө. Биздин пикирибиз боюнча, Бозжырада туризмди өнүктүрүү үчүн эң биринчи табият казынасы менен ажайып ландшафты сактай турган бардык иш жасалууга тийиш. Бозжыра тез арада өзгөчө коргоого алынган республикалык мааниси бар аймактардын катарына кошулуп, ага кирип-чыгуу жана аны коргоонуну эрежелери кабыл алынышы керек” деп айтылат катта.

Каттын авторлору мейманкананын курулушу өрөөндүн биосистемасына, табигый жана тарыхый баалуулуктарына болуп көрбөгөндөй зыян алып келет деп эсептешет.

Бозжыра Маңгыстау облусунун Каракыя районунда жайгашкан. Акиташтын калдыктары көп, бийиктиги 250 метрге чейин жете турган зоокалары бар.

Өрөөндүн тегерегиндеги жаңжал 2020-жылы ноябрда ал жерге курулуш техникалары жеткирилгенде башталган. Курулуштун демөөрчүсү түрк бизнесмени Феттах Таминже экени айтылып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: