Кара-Сууда уурдалды деген унаа Ош шаарынан табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, кечээ, 11-февраль күнү саат 11:00 чамасында Кара-Суу районунун тургуну 1968-жылы туулган В.М ак түстөгү “Деу Лассети” үлгүсүндөгү автоунаасын Фуркат айылында белгисиз адам уурдап кеткени боюнча кайрылып кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын бөлүмүнүн кызматкерлери саат 22: 20 чамасында аталган унааны Ош шаарынын аймагынан изи сууй электе 21 жаштагы А.Ж. кармалып, унаа атайын унааларды токтотуучу короого киргизилип, шектелүүчү жана чогултулган иш кагаздары Ош ШИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ