Menu

Өзбекстан эки жылдын ичинде толугу менен латын арибине өтөт

Бөлүшүү:

2023-жылдын 1-январынан тартып Өзбекстандагы бардык мекемелерде иш кагаздары латын арибиндеги өзбек тилинде жүргүзүлө баштайт. Өкмөттүн тиешелүү токтому 10-февралда кабыл алынды.

Документте өзбек тилин толук латын арибине өткөрүү тууралуу нормативдик-укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу жана өзбек тилинин жазуу эрежелеринин жаңы редакциясын түзүү каралган.
Токтомго ылайык, «Өзбек тилинин орфограциялык эрежелери тууралуу» өкмөттүн токтому латын арибиндеги өзбек алфавитинин жаңы редакциясынын негизинде иштелип чыгышы керек.

Өлкөнүн Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, мындан тышкары акырындык менен латын арибинин негизиндеги өзбек алфавитине өтүү тууралуу «жол картасы» бекитилди. Анда расмий веб-сайттарды, адамдын тек-жайы көрсөтүлгөн документтерди, ID-карталарды, иш кагаздарын, бланктарды, жерлердин, көчөлөрдүн, уюмдардын аталыштарын, жарнамаларды жана жарыяларды толук жаңы түзүлгөн арипке өткөрүү каралган.

Мындан тышкары бардык борбордук жана жергиликтүү маалымат каражаттары, сайттар, басылмалар жана басмаканалар толугу менен латын арибине өтүшү керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: