Menu

Жалал-Абадда чет өлкөлүк жаранды тоногондор кармалды

Бөлүшүү:

Жалал-Абадда чет өлкөлүк жаранды тоногондор кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 2021-жылдын 31-январь күнү саат 21:40 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ж.Абдырахманов көчөсүнөн Түркия Республикасынын 37 жаштагы тургунуна бейтааныш азиат улутундагы 20-25 жаштардагы 2 бала келип, таш заводуна жеткирип коюну суранышып, чет өлкөлүк жарандын унаасына отурушуп, Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагына караган сай тарапка барышып, аны коркутушуп, миң сомдон ашуун акчасын жана кол телефонун алып качып кетишкен.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жогорудагы кылмыш ишинин бетин ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын тургуну 2003-ж.т. К.Б. жана Базар-Коргон районунун тургуну 2001-ж.т. А.Б. кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган жарандар жасаган кылмыш ишин толугу менен моюндарына алышкан.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: