Menu

Сүйүү күнүндө Бишкекте 22, Ошто 8 түгөй баш кошот

Бөлүшүү:

Эртең, 14-февраль күнүндө 30 түгөй мамилесин каттайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Үйлөнүү үлпөт – бул түгөйлөр үчүн маанилүү окуя. Акыркы жылдары нике күнүн тандоо тенденциясы байкалууда. Сүйүү күнүндө, 14-февралда, Бишкек шаарында 22 түгөй мамилелерин катташат. Салтанаттар баш калаадагы үйлөнүү үлпөт өргөсүндө болот.

Быйыл сүйүү майрамы жекшемби дем алыш күнүнө туш келди. ЖААК кызматы иштебейт. Демек, бардык негизги жүк Бакыт өргөсүнө жүктөлөт.

Ошондой эле ал күнү Ош шаарында 8 түгөйдүн каттоосу болот.

Сүйүү күнү никеге туруунун эң популярдуу даталарынын катарына кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: