Menu

Видео – Бишкек шаардык сотунун эшигин бузуп кирген деп шектелген адам кармалды

Бөлүшүү:

Борбор калаанын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Бишкек шаардык сотунун имаратына кирип, соттордун иш бөлмөлөрүнүн эшигин бузуп кирген деген шектүүнү таап, кармады. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Алардын айтымында, окуя 10-февралга караган түнү болгон. Бишкек шаардык сотунун имаратына белгисиз адам кирип, 2-, 3- жана 4-кабаттарда жайгашкан соттордуниш бөлмөлөрүнө кирген.

Бул факт КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (“Уурулук”) менен катталган. Учурда келтирилген чыгым такталып жатат.

К.Х. аттуу 30 жаштагы шектүү Ош шаарында кармалып, азыр Бишкектин ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында отурат.

Кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин ИИМ аныктайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: