Menu

Аалымдар кеңешинин төрагалык ордунда “тыңчы” же “корбашы” отурабы?

Бөлүшүү:
Аалымдар Кеңешинин (АК) төрагасы Абибилла Кадырбердиевдин Орустардын мүфтийине жазган катты, өзү жана АКин кээ бир мүчөлөрү менен эле тымызын сүйлөшүп жазып жибергени бул чындык. Эмне дегенде эки күн мурун АКин кезексиз жыйынын алдында, бул маселени Абдышүкүр ажы Нарматов көтөрүп, Марс Ибраев АКне окуп бергенине өзүм күбөмүн. Ал кезде жыйынга Абибилла Кадырбердиев келе элек болчу. Ал келип жыйынды ачып, бизди жыйындан чыгартып ийген. АКин мүчөлөрүнүн айтуулары боюнча, Абибилла Кадырбердиев ал катты жазып жөнөткөнүн мойнуна алган…
Эң таңгалыштуусу, эмне үчүн ошол жыйында анын жоопкерчилиги каралган эмес. Бул кылыгы биринчи эле эмес болчу. Ал төрт ай мурун дагы бир катты Азирети муфтий жана АКин мүчөлөрү менен кеңешпей түрүп, мусулмандардын Курултайын 2020 – жылдын декабрь айында өткөрүш керек деп, ошол кездеги Президенттин алдындагы дин иштери боюнча комиссиянын директору З. Эргешовго жазып жибергенин билебиз. Билинип калганда, ал катты З.Эргешов жаздырган деп чыккан… Абибилла Азирети муфтий Максатбек ажыны кызматтан кетиргендердин алдынкы сабында.
Жакында эле анын диний диплому жасалма экенин, сатып алгандыгын укук коргоочулар айтып чыгышкан…
Айылдык молдодон кечээ эле шаарга келип, тездик менен көтөрүлүп кыска мөнөттө АКин төрагасына жетип, дин чөйрөсүнө чалмакейди чалып аткан Абибилла кимдердин “тыңчысы” болду экен?
Эми АКи бул иш боюнча да тез жыйын өткөрүп, аны АКин төрагалыктан алып, аны кайра, келген айылына жөнөтпөсө болбой калды.
БТК мүчөсү Бакыт ажы Нурдинов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

Комментариялар

Sulayman Kayıpov
3 years артка

“КОРШАБЫ” дегениңер эмнеңер? “КОРБАШЫ” бекен же?

Комментарий калтыруу Sulayman Kayıpov Жауапты болдырмау

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: