Menu

Бишкекте “Акыйкаттык үчүн” акциясы өттү

Бөлүшүү:

“Акыйкаттык үчүн” деп аталган тынчтык маршынын катышуучулары бул жекшембиде да темир жол бекетинин алдына чогулушту.

Алардын көчөгө чыгышына Биринчи май райондук сотунун 11-февралдагы Райымбек Матраимовго байланыштуу чечими себеп болгон. Сот Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарын “Коррупция” беренеси боюнча айыптуу деп таап, тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык, 260 миң сомдук айыппулга жыккан. Акциянын катышуучулары соттун чечими адилеттүү болбой калды деп эсептеп, мурдагы бажычынын камалышын талап кылышты.

“Биз элдин активдүү катмарыбыз. Биздин моюнубузда чоң милдет турат. Качан гана жарандар мамлекетке көзөмөл кылганды билгенде өлкө өнүгөт”, – деди жарандык активист Улан Үсөйүн.

Акциянын катышуучулары Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтына чейин жөө жүрүш жасап, “Райым камалсын!”, “Акыйкаттык орносун” деген ураандарды чакырып келишти.

Бажыдагы транс-улуттук аткезчилик схемаларын иликтеген долбоордун авторлорунун бири, көз карандысыз журналист Али Токтакунов мындай дейт:

“Кара-Суудагы бажы терминалы “Авто Экспресс Инвест”, Канттагы терминал болсо “ЮниЛаб” деген аталыш менен катталган. Алардын Матраимов менен байланыштуу ээлери өзгөргөн жок. Андан тышкары Матраимовдун жүк ташыган компаниялары да иштеп жатат”.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 11-февралда чыгарган өкүмү күчүнө кире элек. Прокуратура же айыпталуучу тарап өкүмгө каршы 30 күндүн ичинде арызданса болот. Азырынча Башкы прокуратура арыз жазаар-жазбасын айта элек.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ысымы коомчулукка 2017-жылдан бери айтылып, кийин журналисттер бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Экс-бажычыны жоопко тартуу талабы мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун учурунда да коюлуп, “REакция” деп аталган митингдер өтүп турган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: