Тажикстан ИИМинин маалыматына караганда, шектүү 33 жаштагы келиндин ишенимине кирип, аны Индиянын Дели шаарына чакырган.
Душанбеде аялдарды сексуалдык кулчулукка мажбурлоого шектелген 36 жаштагы келин кармалды.
Ал жабырлануучунун тил билбегенинен жана байланышы жоктугунан пайдаланып, 2019-жылдын февраль айынан 2020-жылдын декабрь айына чейин сойкулукка мажбурлаган. Шектүү 2018 жылдын декабрь айынан 2020-жылдын аягына чейин 29 жаштагы дагы бир тажик келинди сексуалдык кулчулуктун тузагына илгени белгилүү болгон.
Маалыматка караганда, ал өз кызматы үчүн 13 АКШ долларын алган.
Кармалган аялга карата кылмыш иши козголду, тергөө жүрүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ