Menu

Байден менен Трамп импичмент боюнча пикирлерин билдиришти

Бөлүшүү:

АКШ Сенатында мурдагы президент Доналд Трампка карата импичмент жарыялоо маселеси боюнча сот жүрүмү өзүнүн бешинчи күнү, 13-февралда, аны актап чыгуу менен аяктады.

Сенаттагы 50 орунду ээлеген демократтар жана көз карандысыз сенаторлор, мурда күтүлгөндөй эле, Трампты айыптуу деп расмий табуу үчүн кошумча 17 республикачы сенаторду өздөрүнө тарта алышкан жок. Аларды 7 гана республикачы сенатор колдоп чыкты.

Азыркы президент Жо Байден бул окуя АКШнын тарыхындагы кайгылуу бап болуп калаарын айтып, «демократиянын назиктиги» жөнүндө эскертти. «Рейтер» кабар агенттигинин маалымдашынча, Байден ар дайым «сак болуп, демократияны коргоп калуу» керек, ал эми «Америкада зомбулук менен ашынгандыкка эч жол жок», деп баса белгиледи.

Байден Трампты айыптуу деп табуу сунушун жактаган 57 сенатордун ичинде рекорддук көрсөткүчтө – жетиге чейин жеткен республикачы да болгондугун айрыкча белгилеп айтты.

Жараяндын бүткөнүнө байланыштуу Трамп да сөз сүйлөдү. Ал бул процессти “мастанга карата аңчылыктын” уландысы деп атады. Анын аккаунту көптөгөн соцтармактарда жабылган. Трамптын билдирүүсүн анын адвокаты таратты.

Мурдагы президентке быйыл 6-январда Капитолийге чабуул коюп, ичине чейин кирип, кыйла тополоң кылган анын тарапташтарын ал атайылап козголоңго шыкактаган билдирүүлөр менен байма-бай чыгып козуткан деген олуттуу доо коюлган болчу.

Бирок Трамп бул жолу дагы акталып чыкканы менен баары бир АКШ тарыхында эки жолу импичмент сотуна кабылган жападан-жалгыз президент деген атка калды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: