Бүгүн, 15-февралда өкмөт үйүнүн алдына чек ара аймактарынын жашоочулары жана “Чек ара” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү митингге чыгышты.
Митингге чыккан 50дөй адам кыргыз-тажик чек арасындагы маселени чечип берүүнү талап кылышууда.
«Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү Бекназар Айталиев чек арада көптөгөн окуялар болуп жаткандыгын, бирок президент дагы, өкмөт дагы унчукпай жаткандыгын айтты.
“Чек аранын” дагы бир өкүлү Гүлжигит Исаковдун айтымында, Тажикстан Баткен районунун Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарындагы кыргыз жерин тартып алууда. Алар ошол жерге бак отургузушуп, курулуш иштерин жүргүзүшүүдө.
“Биздин өкмөт тышкы саясат маселеси турса, ички майда маселелерди чечкен менен алек”, – деди ал.
Белгилей кетсек, митингге 50гө жакын адам катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ