Menu

УКМК: Эгерде Райымбек Матраимовдун мүлкү чет өлкөдө табылса, анда сотко чейинки тергөө иштери улантылат

Бөлүшүү:

УКМК Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун Р.Матраимовго карата чыгарган өкүмүнө карата эки тараптуу пикирге байланыштуу, тиешелүү структуралардын түшүндүрмөлөрүнөн тышкары  төмөнкүлөрдү коомчулукка жеткирүүнү зарыл деп эсептейт.

2021-жылдын 11-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Р.Матраимовго карата, коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, кыймылсыз мүлктү камакка алуу жокко чыгарылсын жана кызматташтык
үчүн келишимде каралган 5-категорияга ылайык айып түрүндө жаза колдонулсун деп өкүм чыгарган. Ошол эле учурда, сот жазалоо жана кызматташуу келишиминде каралбаган мүлктү конфискациялоо укугуна ээ
эмес.

Көрсөтүлгөн кылмыш ишинен тышкары, А.Саймайтинин айткандары тууралуу УКМК ар кандай банктар аркылуу Кыргыз Республикасынан чыгып кетишине байланыштуу 700 миллион АКШ долларынан ашык кылмыш ишин
иликтөөнү улантууда.

Чет өлкөлөрдө кымбат баалуу кыймылсыз мүлктүн бар экендиги жөнүндө маалыматтарды Жалпыга маалымдоо кражататрында бир нече жолу жарыялангандыгына байланыштуу, Р.Матраимовго таандык экендиги жана
анын аталган каражаттарды А.Саймаитини чыгарып кетүүгө катыштыгы бар экендиги такталып, тергөө бул мүлктү аныктоону улантууда.

Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Түркия Республикасына, Дубай Эмиратына, Украина Республикасына жана Россия Федерациясына юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эл аралык өтүнүчтөр жөнөтүлдү.

Белгилей кетүүчү нерсе, анын мүлкүнүн бар экендиги жөнүндө жоопторду алгандан кийин сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары улантылып, мүлкү камакка алынып, Р.Матраимовдун аракеттерине юридикалык баа берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: