Menu

Казакстан Караганды шаарында өндүрүлүп жаткан «Спутник V» вакцинасын каттоодон өткөрдү

Бөлүшүү:

Караганды шаарында өндүрүлүп жаткан коронавируска каршы орусиялык «Спутник V» вакцинасы Казакстанда каттоодон өттү. Бул тууралуу өлкөнүн COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттик тобу вакцинанын каттоо досьесинин материалдары менен таанышып чыгып, анын коопсуздугу, сапаты жана натыйжалуулугу тууралуу корутундусун 13-февралда чыгарган.

Казакстан «Спутник V» вакцинасын өз аймагында колдонуу үчүн жактырган дүйнөдөгү 27чи өлкө болуп калды. Бүгүнкү күндө бул вакцина Орусиядан тышкары Беларуста, Аргентинада, Сербияда, Алжирде, Парагвайда, Түркмөнстанда, Венгрияда, БАЭде, Иранда жана башка өлкөлөрдө каттоодон өткөн.

Казакстанда калкты «Спутник V» менен жапырт эмдөө иштери бул вакцина өлкөдө каттоодон өтө электе, 1-февралда башталган.

Караганды фармацевтикалык комплекси февралдын аягына чейин 90 миң доза «Спутник V» вакцинасын өндүрөт деп күтүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: