Menu

Пара алып жаткан жеринен кармалган “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасы 2 айга камалды

Бөлүшүү:

13-февралда Биринчи Май райондук соту “Кыргызалтын” ААК Башкармасынын төрагасы У.Е.А. пара талап кылуу боюнча сотко чейинки өндүрүш иши карап КР УКМК тергөө камак жайына эки айлык мөөнөткө 2021-жылдын 12-апрелине чейин камоо туралуу баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө иштеринде, “Кыргызалтын” ААК Башкармасынын төрагасы У.Е.А. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ай сайын алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүнүн эмгек акысынын 75% пайызын ага өткөрүп берүүнү талап кылганы аныкталды.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, «Кыргызалтын» ААК Башкармалыгынын Төрагасы У.Э.А. жана “Кыргызалтын” ААКнын башка кызмат адамдары тарабынан пара талап кылуу сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: