Menu

Министр Сүйүн Өмүрзаков Ош ОИИБдин өздүк курамына жаңы дайындалган башкармалыктын начальнигин тааныштырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-февраль күнү саат 17:00до Ош ОИИБдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Өмүрзаков Сүйүн Абдылдаевич Ош ОИИБдин өздүк курамына жаңы дайындалган башкармалыктын начальнигин тааныштырды. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетектөөчү курамга дайындоо боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы менен милициянын полковниги Жеңишбек Абитов Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.

Министрдин  биринчи орун басары С.Өмүрзаков тааныштыруу учурунда өлкөдөгү эпидемиялык кырдал учурунда коомдук коопсуздукту сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Ош ОИИБдин өздүк курамы  тиешелүү бийлик өкүлдөрү менен бирге  коюлган талаптарды жана милдеттерди так жана өз убагында аткарганын, ошондой эле азыркы учурда кылмыштуулуктун алдын алуу жана аны менен күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту сактоодо, “коронавирус” илдетинин жайылып кетишин алдын алуу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө алгылыктуу иштеп келе жатканын баса белгиледи.

Министирдин орун басары  жыйындын катышуучуларына кылмыштардын бетинин ачылышына, коомдук коопсуздукту сактоодо, укук бузуулардын алдын алууда айрыкча үй-бүлөлүк зомбулуктун, жарандардын өз жанын кыйууларын  алдын алууда ишти жандандырууну талап кылды. Жаңы дайындалган Ош ОИИБдин жетекчисине түйшүктүү ишинде жакшы каалоо-тилектерди айтып ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: