Menu

Германияда беш тажикстандык терроризмге айыпталууда

Бөлүшүү:

Германияда Тажикстандын беш жараны “Ислам мамлекети” террордук уюмуна мүчө болууга айыпталууда. Алардын иши сотко өттү. Бул тууралуу “Ассошиэйтед Пресс” агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, алардын бири ИМ тобунун идеаларын жайылтып, онлайн түйүндөр аркылуу каражат чогулткан. Ал жаш жигиттерди ИМге кошулууга азгырып, 2019-жылы Германиянын батышында уюмдун уячасын түзгөн.

Тажикстан жарандары террордук уюмдун Сирия жана башка өлкөлөрдөгү жетекчилери менен байланышта болушканы айтылат. Тергөөнүн пикиринде, алар алгач Германиядан Тажикстанга кетип, ал жактын бийлигине каршы күрөшүүнү каалашкан, кийинчерээк бул ойлорунан кайтып, Германиядан бир нече теракт уюштурууну чечишкен.

Кармалган тажикстандыктар интернетте жардыруучу жабдуулардын тетиктерине буюртма беришкени да аныкталган.

Немис тергөөчүлөрү соңку кездери Германиянын батышындагы ИМдин уячасы өз стратегиясын өзгөртүп, жаш мусулмандарды азгырууга жана топ үчүн акча чогултууга көңүл бөлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: