Menu

Казакстанда жашоочулар “Казакмыс” жерлерин талашып жатканын билдиришүүдө

Бөлүшүү:

Жезказган шаарчасы менен анын тегерегинде жашаган калктуу конуштардын жашоочулары бийлик жез казуу үчүн алардын жер тилкелерин “мамлекеттин керектөөсү үчүн” деген шылтоо менен тартып алып жатканын билдиришип, Казакстан президентинин дарегине кайрылуу жолдошкон.

Кайрылууда алар жеке компаниянын кызыкчылыгы үчүн башка жакка көчүрүлүп жатышканын, жез каза турган компания ал чөлкөмдөгү коммуникацияны, авто жолдорду жана Жезказган шаарчасынын түштүгүндөгү көрүстөндү эске албаганын билдиришкен.

Жооп Акордондон эмес Сатпаев шаарынын акимчилигинен келди. Кайрылууну жергиликтүү аткаруу органдары карап чыккан. Катта мамлекеттин керектөөсү үчүн жер тилкелерин кайтарып алуу өкмөттүн токтомунун негизинде ишке ашып жатканы, тараптар келише албай калган учурда маселе сот аркылуу чечилери белгиленген.

Шаарчанын жашоочулары “Азаттыктын” казак кызматына кайрылышып, соңку мезгилде басым күчөгөнүн билдиришти. Алардын айтымында, көчүп кетүүдөн баш тарткандарга коммуникациялык кызмат көрсөтүү токтотулуп, соода түйүндөрү тез-тез текшерилип, түнкүсүз белгисиз кишилер кыймылсыз мүлктөрдү өрттөп кетишүүдө.

Жалпысынан 100гө чукул үй-бүлө аймактан көчүп кетүүдөн баш тарткан. Алар турак жайлары, чарбалары жана бизнестери үчүн татыктуу кун талап кылышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: