Menu

Өзбекстанда жапырт башаламандык үчүн жоопкерчилик киргизүү сунушталууда

Бөлүшүү:

Өзбекстандын мыйзам чыгаруу палатасынын эки фракциясы жапырт башаламандыкка жана зомбулукка чакыруу үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштады.

Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Документке ылайык, бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талабына баш ийбегендер, жапырт башаламандыкка жана зомбулукка чакыргандар айыппулга жыгылып, эки жылга чейин түзөтүү жумушуна тартылып, 3төн 5 жылга чейин шарттуу түрдө кесилип же 3төн 6 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Мындан тышкары мыйзамдуу документтердин талаптарын бузуп, медиа аркылуу аны аткаруудан баш тартууга чакыргандарга 60-80 эсептик көрсөткүчтө айыппул салынышы мүмкүн.

Веб-сайттардын ээлерине, анын ичинде блогерлерге уруксатсыз митинг, жүрүш, демонстрация өткөрүүгө чакырууга, коомдук тартипке жана коопсуздукка коркунуч жараткан жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: