Актөбөдө тез жардам станциясынын 50дөй айдоочусу менен санитардык кызматкери 15-февралда айлык акыны жогорулатууну талап кылды. Нааразы тарап канча жылдан бери дарыгерлер менен фельдшерлердин маянасы жогорулап, бирок алардын айлык акысы көтөрүлбөгөнүн билдиришүүдө.
Айдоочулар менен санитардык кызматкерлер станциянын жетекчилигине бир нече жолу даттанышкан.
Актөбө облустук тез жардам станциясынын башкы дарыгери Марат Жанкулов 1-январда станциянын дарыгерлери менен фельдшерлеринин маянасы 30 пайызга көбөйгөнүн, калгандарынын айлыгын жогорулатуу үчүн бардык аракет көрүлүп жатканын айтты.
Ушул тапта облустагы тез жардам станциясын Hemogens Health Care компаниясына таандык жоопкерчилиги чектелген коом башкарат. “Эркин Европанын” казак кызматы компаниянын директоруна байланышканда, ал бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ