Menu

Фото – УКМК: Куралдардын жана ок-дарылар сакталган жашыруун жер табылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнү алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын ИИМ менен биргеликте Чүй облусунун аймагынан курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Табылган жашыруун жерден 2 кесилген мылтык, 160 ашуун ар кандай калибрдеги гильзалар, колго жасалган бычактар, беткаптар жана кол каптар табылып алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак жана ок-дарылар бир катар каракчылык фактыларына катышкан кылмышкерлерге таандык болушу мүмкүн экендиги божомолдонууда.

Учурда УКМК ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: