Menu

Жайыл районунда 53 жаштагы аял 35 жаштагы келинди сабап, суунун жээгине таштап кеткен

Бөлүшүү:

Жайыл районунда милиция кызматкерлери тарабынан ден соолукка оор зыян келтирүү боюнча шектүү аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын ноябрь айында Жайыл РИИБүнө арыз менен 1980-жылы туулган Ставрополовка айылынын туругуну арыз менен кайрылган. Себеби анын 1986-жылы туулган Б.А., аттуу  карындашын белгисиз адамдар тарабынан  ошол эле айылдын бир көчөлөрүнөн ур-токмокко алып, андан соң суу жегине тыштап кеткендигин билдирген. Натыйжасныда анын карындашы ар кандай жаракаттары менен аймактык оруканага жеткирилген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 139-беренеси (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Материал боюнча баардык экспертизалар дайындлын анын жыйынтыгы 2021-жылдын январь айындан дайын болуп, ага ылайык жабырлануу оор жаракат алынганы белгилүү болгон. Сотко чейинки иш өндүрүшүндө мурун катталган кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренесине (Ден соолукка оор зыян келтирүү) которулган.

Жайыл РИИБнүн кызматкерлеринин ыкчам-издөө иш-аракетинин негизинде бул кылмышка шектүү делип  мурун оор кылмыш менен соттолгон 1968-жылы туулган У.В., жаран кармалып убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

 Алдын  ала маалыматтын негизинде бул кылмыш эки аялдын мас абалындагы кызганычтын айынан пикир келиспештиктен болгондугу аныкталган.

 Учурда тергөө иш амалдары улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: