Menu

Кыргызстанда дагы 55 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, 2 бейтап каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-февралга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 55 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 14, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 20, Ош облусунан – 3, Талас облусунан – 2, Нарын облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 9, Баткен облусунан – 1 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 85 619 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 61  адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 82 452ге жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 27, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 18, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 4, Жалал-Абад облусунан – 2.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 2 бейтап каза болду. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1446га жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: