КР УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган акчаны легалдаштыруу механизмдерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн алкагында, “Женго” каймана аты менен белгилүү кармалган криминалдык авторитет К. Досоновго карата, КР Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүмү (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмыштарынын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Такталгандай, буга чейин эч жерде иштебеген жана ишкердик менен алектенбеген, бир нече жолу соттолгон К.Досоновдун жакын туугандарына жана ага байланыштуу башка адамдарга катталган (ар кандай класстагы 19 авто унаа) жана кыймылсыз мүлктөрүнөн (15 турак жай жана 35 жер тилкелери) сыяктуу көп сандагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө ээлик кылганы аныкталды.
Ошондой эле, курулуш компанияларда К.Досоновдун бир катар ири өлчөмдөгү каржылоолору бар.
Учурда УКМК тарабынан акча каражаттарынын жана мүлктөрдүн келип чыгуу булактарын аныктоо жана тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатат.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ