Menu

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек соцтармактардагы өлкө жетекчисинин КМДБ башчысын алмаштырууга тиешеси бар деген маалыматтарды төгүндөйт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек социалдык тармактарда айтылып жаткан Максат ажы Токтомушевдин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы кызматынан алынышына өлкө жетекчилигинин тиешеси бар деген маалыматты төгүндөйт. Бул тууралуу президенттин аппаратыныны басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык тармактарда белгисиз адам Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ага өлкөнүн муфтийи кызматын убада кылгандыгын, ал эми Жогорку Кеңештин экс-депутаты Арзыбек Бурханов жана башка адамдар Максат ажы Токтомушевди муфтийликтен мыйзамсыз алышканын билдиришкени тууралуу аудио тараган.

Галина Байтерек белгилегендей, мындай маалымат толугу менен чындыкка дал келбейт жана ал маалымат чагымчыл мүнөздө.

Ал Садыр Жапаров мурдагы муфтий Рахматулла ажы менен буга чейин жолукпаганын жана сүйлөшпөгөнүн, ага эч нерсе убада кылбаганын кошумчалады.

Президенттин басма сөз катчысы айрым күчтөр коомдо дүрбөлөң чыгарып, чыңалууну жайылтууга кызыкдар экендигин баса белгилеп, мындай жалган жалаалардын демилгечилерин жоопкерчиликке чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: