Menu

Байден: Кытай Шинжаңдагы куугунтуктун кесепетин тартат

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Жо Байден Кытайдын Шинжаңдагы мусулмандарга болгон мамилеси Бээжинди олуттуу кесепеттерге кептей турганын айтты.

Висконсин штатында эл менен жолугушуу өткөрүп жатып: «Кытай мунун кесепетин тартат, ал өзү муну билет», — деген Байден кеп Кытайдын лидери Си Цзиньпин жөнүндө болуп жатканын ишара кылды.

Байден Кытай дүйнөлүк лидер болууга аракет жасап жатканын, бул наамга татуу үчүн башка өлкөлөрдүн ишенимине кириши керектигин белгиледи.

11-февралда эки дүйнөлүк державанын лидерлери эки саат телефондо сүйлөшкөн. Байден АКШ үчүн Индия-Тынч океан регионунда тынчтыкты камсыздоо негизги максат бойдон каларын билдирген. Байден Бээжиндин адилетсиз экономикалык тажрыйбасына, Гонконгдогу куугунтукка, Шинжаңдагы адам укуктарын бузуу жана Тайванга карата жасалган мамилеге тынчсызданып жатканын да айткан.

Кытайдын мамлекеттик телеканалы болсо сүйлөшүүнүн башка тарабын чагылдырган. Си Цзинпин телефондук сүйлөшүүдө Кошмо Штаттарды Кытайдын аймактык бүтүндүгүнө, ошондой эле Тайвань, Гонконг жана Шинжаң маселелерине кийлигишүүдөн сак болууга чакырганы айтылат. Ошондой эле Цзинпин эки мамлекет ортосунда пикир келишпестиктер бар экенин, бирок аларды чечсе болорун айтканы кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: