Menu

УКМК: УКМК ведомстволук сайтын зыян программалык камсыздоону колдонуп, мыйзамсыз бузуу аракети аныкталды

Бөлүшүү:

КР УКМК зыян программаны колдонуп, Кыргыз Республикасынын УКМК ведомстволук сайтын мыйзамсыз бузууга аракет жасоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу 17-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк) жана 305-беренеси (Зыян келтирүүчү компьютердик программаларды түзүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүшкө катталды.

Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында, 1974-жылы туулган «К.Б.Т» аттуу Кыргыз Республикасынын жараны экендиги аныкталды, анын техникалык аппараттарында көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерге анын катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер табылды.

Белгилей кетүүчү жагдай, ушул беренелерге ылайык, эсептик көрсөткүчтөрдүн 1800дөн 3000ге чейинки өлчөмүндө айып пул же болбосо 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: