Бүгүн, 18-февралга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 70 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 26, Чүй облусунан – 17, Ош облусунан – 6, Талас облусунан – 2, Нарын облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 10, Баткен облусунан – 3 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 85 689 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 73 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 82 525ке жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 34, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 22, Нарын облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 9, Жалал-Абад облусунан – 2, Баткен облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 1 бейтап каза болду. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1447ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ