Menu

Өзбекстанда 26 жаштагы келин консерваланган помидорго ууланып каза болду

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Жизак облусунда үч киши үй шартында даярдалган консерваланган помидорго ууланды. Жабыркагандардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Алардын ичинен 26 жаштагы келин каза болду.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, келинди ооруканага алып келишкенде эле шайы кетип, сүйлөй албай калган. Анын күйөөсү жана кайнатасы да ооруканага жактырылган.

Маркум уулангандан кийин бир жарым сутка дарыгерлерге кайрылган эмес.

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Самаркандда да консерваланган азыкка беш киши ууланганын, алардын бири кийин ооруканада кайтыш болгонун жазышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: