Сокулук районунда суу бөлүштүрчү шлюздарды уурдаган жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 2021-жылдын январь айынын ортосунда Сокулук РИИБүнө бул райондо жайгашкан мекеменин жетекчиси арыз менен кайрылган. Арыз эсси 8 даана суу бөлүштүрчү шлюздарды уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүп берүнүү суранган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Бул кылмыштын бетин ачуу максатында Сокулук РИИБнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан бир топ ыкчам издөө иш-аракеттери жүргүзүлгөн.
Аталган шлюздарды уурдаган адамдар сөзсүз аларды темир алычуу жайга өткөрөөрүн эске алып, Сокулук районундагы бардык темир өткөрүү жайлары текшерилген.
Натыйжасында бул кылмышка шектүү делип жарана 1991-жылы туулган И.Д. кармалган, ал өзүнүн кылган күнөөсүн мойнуна алып бул кылмышты анын декабрь айынан баштап январь айына чейин өзүнүн жездеси менен кылгандынын билдирген. Ыкчам издөө иш-аркетинин натыйжасында бул кылмышка шектүү делип экинчи 1986-жылы туулган Р.Р. кармалган.
Учурда шектүү адамдар дагы 7 факт уурдого шектелип Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Тергөө иш амалдарры уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ