Menu

Финполдун экс-төрагасы Бакир Таиров эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаты менен камактан бошотулду

Бөлүшүү:

Кечээ, 17-февралда Финполициянын экс-төрагасы Бакир Таировдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу журналисттерге Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, Бакир Таиров эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаты менен камактан бошотулду.

«Прокурор менен Бакир Таировдун ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Айыпталуучунун туруктуу жашаган жери жана өздүгү аныкталды. Мындан тышкары, ал республиканын бюджетине 14000 доллар (11 миллион сомдон бир аз ашыкча) төлөгөн», – деп билдиришти соттон.

Белгилей кетсек, Бакир Таиров 10-декабрда кармалган. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Финполициянын мурдагы төрагасы Бакир Таиров мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен ири өлчөмдөгү акча каражатын мыйзамсыз алган фактысын аныктаган.

Сотко чейинки процесстин алкагында, 2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында Финполициянын экс-төрагасы Бакир Таиров саясий партиялардын бирин каржылоо керек деген шылтоо менен мамлекеттик органдардын жетекчилеринин бирин ири суммадагы акчаны которууга мажбур кылганы аныкталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: